Жанар Акаев: Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан кетириши мүмкүн
RU

Жанар Акаев: Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан кетириши мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин депутаты Жанар Акаев, кечээ, 31-январда, өзүнүн Facebook баракчасына, жаңы дэм менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев кызматтан кетиши мүмкүн, деп жазган. Анын ордуна агрардык университеттин ректору кызматке келет экен.

"Урматтуу депутаттар, жарандык коом! Эртең көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дэм менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мурда кылмыш иши козголгон адам деп уктум, тийиштүү органдарга эрте менен запрос беребиз. Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу. Садыр Жапаров (Sadyr Japarov), Эльвира Сурабалдиева (Elvira Surabaldieva), Артём Эдуардович Новиков көңүл буруп, эртенкиге чейин чечимди терең ойлонуп, талдап кабыл аласыздар деп ишенем. Бөлүшөлү достор", - деп депутат Жанар Акаев жеке баракчасына жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/539