Жогорку сотто иштеген кызматкердин кызы СИЗОдо
RU

Жогорку сотто иштеген кызматкердин кызы СИЗОдо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы Айзирек Джусупова финансы пирамидасына байланыштуу ишке шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына KG Gold компаниясынын вкладчиктери билдиришти.

Алардын айтымында, Жогорку соттун төрагасынын орун басарынын кызы аталган компанияда директордун финансы маселелери боюнча орун басары болчу. Алтын буюмдарды сатуу компаниясына Кыргызстан боюнча эле 800 киши акчаларын салышкан.

"Элдер акчаларын жана зергер буюмдарын өткөрүп, ордуна кешбэк алышкан. Жарандар салган минималдуу сумма - $1, максималдуу сумма - $90 миңден жогору. Акча салгандар ай сайын пассивдүү киреше катары $100 же андан жогору киреше алышчу. Биздин өлкөдө фирма 2021-жылдын апрель айында ачылган. Бул фирма Түркия, Өзбекстан, Тажикстанда иштеп, жакында эле Казакстанда ачылганы белгилүү болду. KG Gold ЖЧКсы өткөн жылдын ноябрь айында жабылды. Компаниянын ээси - украиналык Василий Жила.

Бизге Юстиция министрлигинин сертфикатын жана лицензиясын көрсөтүшкөн. Консалтингдик жана юридикалык жактан тейлеген Ная Ибраева компания мыйзамдуу иш алып барып жатат, деп ишендирген. Учурда ал СИЗОдо отурат. Андан тышкары Айзирек Джусупова да СИЗОго камалды", - деп компанияга акча салгандар айтып беришти.

Андан тышкары, расмий тастыктоону талап кылган маалыматтар боюнча бул компаниянын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстандын генералдык прокурору Курманкул Зулушевдин эжеси да жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5450