Temirov Live Садыр Жапаровдун Пекинге барганы канчага айланганын аныктады
RU

Temirov Live Садыр Жапаровдун Пекинге барганы канчага айланганын аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Temirov Live'дын иликтөөчү-журналисттери президент Садыр Жапаровдун Пекинде өткөн Кышкы Олимп оюндарынын ачылышына эмне менен баргандыгы тууралуу видеону жарыялашты. Белгилүү болгондой, Жапаров Кытайга бизнес-классындагы Embraer Lineage 1000 учагы менен барган. Ушундай эле жеке менчик учак менен 2021-жылдын ноябрында Глазгодо өткөн экономикалык саммитке барган.

Журналисттер берген маалыматка ылайык, жеке менчик самолет менен учуунун бир сааты - 11 700 доллар турат. Бишкектен Пекинге чейин 4,5 саатык жол. Демек, бир тарапка учуу 52 650 долларга айланды (4 400 000сом).

"Эгер бул аргасыздан көрүлгөн чара болсо, эмне үчүн бул тууралуу ачык билдиришкен жок? А эгер бул бюджеттик эмес каражат болсо, эмне үчүн ким тарабынан төлөнгөнү айтылбайт?", - деген суроону журналист Актилек Капаров салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5469