Британиянын жараны лотореядан 109,0 миллион фунт стерлинг утту
RU

Британиянын жараны лотореядан 109,0 миллион фунт стерлинг утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-февраль күнү кечинде EuroMillions лотореясы ойнотулуп, Британиянын жараны 109,0 миллион фунт стерлинг утту. Ал лотореянын жети санын тең туура аныктап, джекпот алган. Лотореяны жеңүүчү болгону 2,5 еврого сатып алган.

EuroMillions Европа чөлкөмүндө 2004-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгач Испанияда ойнотулуп, кийин ага башка өлкөлөр да кошулган. Лотореянын негизги шарттарынын бири, жеңүүчү өзүнүн атын ачыктабай, жашыруун калуу укугуна ээ. Жеңүүчү жарым жылдын ичинде бардык акчасын алып кетүүгө милдеттүү.

109,0 миллион фунт стерлинг - 149 миллион долларга тете (148 915 690 доллар) ал эми сом менен алганда - 12 миллиард сом болот (12 628 050 512 сом)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5476