Якутскийде аял сегизинчи кабаттан кулап, үйүнө өзү басып кеткен. Видео
RU

Якутскийде аял сегизинчи кабаттан кулап, үйүнө өзү басып кеткен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Якутскийде аял сегизинче кабаттан кулап түшүп, аман калды. Учурда тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын аныктап жатышат, деп Саха Республикасынын Тергөө бөлүмүнүн кызматкери Надежда Дворецкая РИА Новостиге билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары 4-февралда, Якутскийде сегизинчи кабаттан аялдын кулап түшкөн видеосун таратышкан. Ал аман калып, андан кийин үйүно барып, тез жардам кызматын чакырткан.

Ведомство берген маалыматка ылайык, кулап түшкөн келин азыркы тапта реанимацияда. Дарыгерлер анын абалы оор деп баалашкан.

Сегизинчи кабаттан кулап түшкөн 30 жашар келин, алгач проводдорго илинип, айланып, андан кийин жыйналган кардын үстүнө түшкөн. Жыгылганда башы менен темир тосмого да урунган. Ошого карабастан ал туруп, үйүнө барып, өзүнө тез жардам кызматын чакыртканга үлгүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5477