Боом капчыгайында жолдун тайгалактыгын алдын алган чаралар көрүлдү
RU

Боом капчыгайында жолдун тайгалактыгын алдын алган чаралар көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун 90кмден 150-кмге (Боом капчыгйы) чейинки аралыгына жолдун тайгактыгын алдын алган инерттик каражатты себүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын берилген маалыматтарга ылайык, 7-февраль күнү, күндүз туруксуз аба ырайы болуп, республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Өтмөк ашуусун тейлеген ДЭУ-36нын кызматкерлери да улам жолду тазалап жатышат. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдун Эпкин-Дыйкан аймагында оңдөө иштери жүрүүдө.

Транспорт министрлиги мындай аба-ырайы болуп турган учурда этият болуп, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5478