Жалал-Абадда милиционер талмасы кармаган жаранды сактап калды
RU

Жалал-Абадда милиционер талмасы кармаган жаранды сактап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад ИИБси берген маалыматка ылайык, өткөн жумада, соода борборлордун биринде кардардын талмасы кармап калган. Эл аны тегеректеп, бирок эч кандай чара көрүшкөн эмес. Ошол учурда милиция кызматкери келип, ага биринчи жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калды.

Сардар Машарипов, эпилепсиясы кармап жаткан жарандын тилин чыгаруу үчүн өзүнүн жетонун колдонгон. Ал бир нече жолу милиционерди тиштеп алган, бирок милиция кызматкери ошого карабастан өз убагында медициналык жардам көрсөткөн. Бир нече убакыттан кийин эсин жоготкон жаран өзүнө келген.

Бүгүн, 7-февралда Машарипов ардак грамотасы менен сыйланды, деп Жалал-Абад ИИБси билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5483