Чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Токон Мамытов суракка чакыртылды
RU

Чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Токон Мамытов суракка чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку вице-премьер-министр, чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Токон Мамытов Адахан Мадумаровдун иши боюнча Генералдык прокуратурага сурак берүүгө чакыртылды. Бул маалыматты Kaktus.kg'ге жеке булактар тастыктады.

Эске салсак, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы жерлерди сатуу иши боюнча күбө катары сурак берген. Андан мурун, 2021-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жерлерди сатуу боюнча иликтөө иштери башталат, деп жар салган болчу.

Кеп 2009-жылкы протокол жөнүндө болуп жатат. Анда 5 га жер тууралу айтылган. Кыргызстан бул жер тилкени такталбаган аянт деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5494