Жол эрежесин бузган жол тандабас: Мыйзам мен үчүн жазылган эмес, - дейт.
RU

Жол эрежесин бузган жол тандабас: Мыйзам мен үчүн жазылган эмес, - дейт.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Toyota Prado унаасынын айдоочусу жолдун так ортосуна токтоп алып, жол эрежесин бузган. Башка айдоочу ага эскертүү берсе, сөгүп, колундагы телефонун жулуп, жерге чапкан. Бул тууралуу Facebook'тагы баракчасына журналист Семетей Аманбеков жазды.

"Калгандарыбыз, каршы тилкеге чыгып, аны айланып өтүшүбүз керек экен да. Телефонумду чыгарып, бетин сүрөткө тартып алайын деп жатсам, айнегин түшүрүп, телефон кармап турган колумду күч менен сокту. Телефон асфальтка урунуп, жарака кетти...

Мыйзам ал үчүн жазылбаганын айтып, ашата сөктү. "Крышасы" укмуш окшойт, каалаганымды жасай берем дегенине караганда. Укук коргоочу органдар бул публикациямды расмий арыз деп кабыл ала беришсе болот", - деп журналист жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5500