Алымкадыр Бейшеналиев: Арактан эмес, бакыттан мас болом
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Арактан эмес, бакыттан мас болом

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Бешинчи каналдын" эфиринде соңку чуулгандуу иштер боюнча комментарий берди.

Министр өзүнө айтылган бардык сындарды адилетсиз деп эсептейт жана өзүнүн принциптерин жана адаттарын өзгөртөм деген ниети жок.

"Арча үстүмө жыгылып, көзүм көгөргөндө, баары мени мушташкан деп ойлошкон. Ошол кезде депутат Балбак Түлөбаев болуп, мени куткарып калган. Журналисттерге баарын кандай болсо, ошондой айтып бергиси келген. Бирок мен аны токтоттум, каалаганын айта беришсин дедим", - деди министр.

БНИЦТОго мас абалында келди деген кептерге токтолуп, министр ал ар дайым "бактылуулуктан мас болуп жүргөнүн" айтты.

"Мен арак ичпейм. Бул жөн гана менин мүнөзүм. Корпоративдик кечедегилердин баары мени ичет деп ойлошот, бирок андай эмес. Тамагымдан операция болгом, ошондуктан маал-маалы менен суюктук ичип турам, антпесе үнүм жоголуп кетет. Ошондуктан мен көп дары, күнүнө 20 таблеткадан ичем. Муну президент жакшы билет. Арактан эмес, бакыттан, жашоого масмын, ошондуктан мен ар дайым күлүп жүрөм. Өзүңөр ойлонуп көргүлө мен мас абалда ооруканага барып, 50 кызматкердин алдында сүйлөмөк белем! Мүмкүн эмес", - деди министр.

Министр Ысык-Көлдөгү пансионаттагы уулунун коттеджинен чыккан өрткө капа эмес. "Балам өрттөнгөнү жакшы болуптур деди, от байлыкка дейт. Байлык чындап эле башыбызга тийип жатабы, эми көрөлү. Бул окуяны саясатташтырмак турсун, эч кимди күнөөлөй албайсың, кечире билиш керек деп ойлойм", - деди Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы дагы эле аконитти (өмүргө коркунуч туудурган уулуу өсүмдүктүн тундурмасы) коронавирус инфекциясын дарылоодо колдонсо болоруна ишенет.

Министр өз оюн калың элге туура жеткире албадым окшойт деп эсептейт. "Жакында мен аконит жөнүндө дагы көп сөз кылам. Ал бардык өлкөлөрдө миң жылдан бери колдонулуп келет. Биринчи жолу байкабай чыгып сүйлөп алдым, ал үчүн журналисттердин катуу сынына кабылдым. Эми философиялык сүйлөйм. илимий жол менен", - дейт министр.

Уулуу өсүмдүктүн тундурмасын башка сөз менен атаса, коомчулуктун реакциясы мынчалык терс болбойт деп ишенет.

Дегеле министр анын баардык көйгөйлөрү сүйлөшүүнүн мүнөзүнө жана стилине байланыштуу деп эсептейт.

"Мен саясатка 1,5 жыл мурун келдим. Хирург кезимде баарын ачык, түз айта алчумун. Бирок азыр айткан сөзүм үчүн кечирим сурап, кабатырланам", - деди Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5548