Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт
RU

Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызгидромет" борбору кабарлагандай, 13-14-15-февраль күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймагында аба ырайы туруксуз болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жана жамгыр катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок, кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…+5;
  • Талас облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -2…+3;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;
  • Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13;
  • Бишкекте күндүз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +2…+4 градус болот..
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5570