"Же акчадан жок, же үйдөн жок". Финансы пирамидасынын курмандыгы
RU

"Же акчадан жок, же үйдөн жок". Финансы пирамидасынын курмандыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg'ге Александр (аты өзгөртүлдү) кайрылган. Анын айтымында ал финансылык пирамиданын курмандыгына айланды. 2020-жылы аялы экөө батирин сатып, World Business Consulting компаниясына $80 миң салышкан.

Же акчадан жок, же үйдөн жок

"Бизге компания төмөнкүчө иштейт деп айтып беришкен: кардардын атына электрондук эсеп ачылат (менин атыма ачылган), андан кийин төгүлгөн каражат ошол эсепке которулат. Акча эсепте болгуча менин атыма дивиденддер эсептеле берет", - деп Александр айтып берди.

Компаниянын продуктусунун бири - бул үй сатып алуу үчүн накталай акча менен кредит алуу. Кредит, кардар компанияга салган суммадан түшкөн дивиденддердин эсебинен төлөнөт.

Александрдын айтымында, ал $80 миң салып, World Business Consulting аркылуу үй сатып алууну пландаган. Бирок көздөгөнү ишке ашкан жок.

"Компания мен салган суммага тете турган батир сатып алсам болот, башкача айтканда, $80 миңге деп кепилдик берген. Ал эми салган акчамды, андан түшкөн пайыз, батирдин карызын жапкандан кийин алып кетсе болот болчу", - дейт ал.

Александр батир да сатып алган жок, компанияга салган акчасын да кайтара албай койду.

"Алгач бир-эки ай күтүп туруумду суранышты. Документтердин бардыгын тариздөө керек деп түшүндүрүшкөн. Андан кийин пандемия башталып кетти, дагы бир аз күткүлө дешти. Биз 2021-жылдын июнуна чейин күттүк. Андан кийин шарттары өзгөрүп, каражатыбызды батир алып, анын документтерин көрсөткөндөн кийин гана ала аласыңар деп айтышты. Биз батир сатып алып, документтерди көрсөткөнүбүздө, компаниядагы шарттар кайра өзгөртүлдү. Накталай акча берилбей калган имиш, мындан ары каражат башка электрондук эсепке которулат экен. Бирок техникалык себептерге байланыштуу ал эсептен акчаны чыгарып алуу убактылуу мүмкүн эмес болду. Бизди дагы күткүлө деп суранышты. Биз 2021-жылдын декабрына чейин күтүп, анан Ленин РИИБсине кайрылдык", - дейт Александр.

Компания мага электрондук эсеп ачууга каражат бөлүп берген, бирок түрдүү техникалык шылтоолорго байланыштуу ал жактан акчамды чыгара албай убарамын.

Жабыркаган жарандын айтымында, турак жайды карызга акча алып сатып алган. Бардыгы менен электрондук эсептеги акчасын чыгарып алып эсептешем деп пландаган болчу. Бирок 2021-жылдын июнунан бери акчасын чыгара албай келет.

"Ленин РИИБси эмнегедир ишти создуктуруп жатат. Мен юристтерге кайрылып, алар Ленин райондук прокуратурага арыз жазышкан. Кылмыш иши козголуп, өндүрүштө. Бардыгы күбө катары сурак берип, жабыркагандар жана айыптуулар аныктала элек", - деп Александр кошумчалады.

Мен өзүмдүн акчамды кайтаргым келип жатат. Мекендештериме да бул компанияга акчаңарды салбай эле койгула деп айтаар элем.

World Business Consulting жөнүндө эмне белгилүү?

Компанияга ар бир кардар артынан дагы бирөөнү алып келүүгө тийиш. World Business Consulting'дин интернеттеги расмий сайты ишеним туудурбайт. Катталгандыгы тууралуу документи өтө кичинекей, аны чоңойтуп, жазууларын окуу мүмкүн эмес.

Телефон номерлер жана так даректер жок. Болгону - Лондон, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын кошмо королчулугу деп жазылган. Юридикалык дареги жок.

Сайтта көрсөтүлгөн социалдык тармактагы профилдер 2021-жылдын декабрына чейин активдүү болгон.

Финансы пирамидасы

World Business Consulting коңшу Казакстанда финансы пирамидасы деп аныкталган. 2021-жылдын июль айында Алматыда World Business Consulting компаниясынын түзүлүшү боюнча жана жетекчилигине карата иликтөө иштери башталган, деп Tengrinews.kz басылмасы жазган.

Бирок 2021-жылдын октябрында компаниянын баракчаларында жаңы келишимдер түзүлгөндүгү тууралуу маалымат жарыяланган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5599