Бишкекте маршрутка пешеходдон өтүп бараткан окуучу кызды коюп кетти (видео)
RU

Бишкекте маршрутка пешеходдон өтүп бараткан окуучу кызды коюп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө маршруттун айдоочусу окуучу кызды коюп кетти. Видеону Facebook баракчасына Александар Нов деген колдонуучу жарыялаган.

Видеодо көрүнүп тургандай кыз жүргүнчүлөр өтө турган өтмөктөн (пешеходдон) өтүп бараткан. "Маршрут кызылга айдады. Президентке жана Билим берүү министрлигине кайрылам, жол жүрүу эрежелери боюнча сабактар киргизилсин. "Маданият-ыйман" дегенден да маанилүүрөөк сабактар бар!" - деп интернет колдонуучу жазган.

ЖКККБ Kaktus.kg'ге билдиргендей, 17-февралда, болжол менен саат 17:00до, Дэн Сяопин менен Каракумский көчөлөрүнүн кесилишинде 138-маршруттун айдоочусу, 1993-жылы туулган Р.М. пешеходдон өтүп бараткан кызды сүзгөн. Жабыркаган кыз 2011-жылы туулган К.А. балдар ооруканасына жеткирилген.

Унаа айып пул токтотуучу жайга жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5625