Украина өзүн коргой ала турганын билдирди
RU

Украина өзүн коргой ала турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-февралда Батыш лидерлеринин Россияны абалды чыңалтууну токтотууга үндөгөн чакырыктарына кошула турганын билдирди. Германиянын Мюнхен шаарында өткөн коопсуздук боюнча жыйында ал Украина өз жерин өнөктөштөрү менен да, аларсыз да коргой турганын айтты.

Анын алдында Зеленский АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен жолукканда ал Росссиянын Украинага кандай гана кол салуусу болбосун, жооп катары НАТОнун чыгыш тарабы бекемделерин жана Москва болуп көрбөгөндөй чыгымга учурай турганын билдирген.

"Биз экономикалык чаралар менен гана токтоп калбайбыз. НАТО боюнча чыгыш тараптагы союздаштарыбызды күчтөндүрөбүз", - деди Харрис.

Россия ушу тапта Украина менен чек ара тилкесинде кеминде 150 миңдей аскер кызматкерин топтоп турат. Украинанын чыгышында, өзүлөрүн республика деп атап алган Донецк жана Луганск облустарындагы Россия колдогон жикчилердин көзөмөлүндөгү аймакта соңку күндөрү абал курчуду. Киев жикчилерди украин тарапка ок атып жатат деп күнөөлөөдө. Россия тескерисинче "украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат" деп Киевди айыптоодо.

Маалымат azattyk.org сайатынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5642