Илимпоздор айнек осьминогун сүрөткө тартып алышты
RU

Илимпоздор айнек осьминогун сүрөткө тартып алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шмидт океан институтунун окумуштуулары "айнек" осьминогун сүрөткө тартып алышкан. Бул жандык өто сейрек кездешкендиктен аны фотоаппараттын объективине тартып калуу чоң олжо.

Сүрөт Феникс аралдарынын архипеллагында жүргөн 34 күндүк экспедиция учурунда тартылган. Осьминогдун өзгөчөлүгүн эске алганда, бул кадрлар абдан баалуу табылга. Айнек осьминогдун денеси айнек сымал тунук, адамдын көзү анын көз нервин жана тамак аш сиңирүүчү аппаратын гана көрө алат. Буга чейин окумуштуулар аны жутуп алган башка жырткыч-жандыктардын ашказанынан гана көрүшчү.

Андан тышкары, илимпоздор жаны микро органимздерди аныктап, Тынч океанын кезип сүзгөн кит-акуласын да видеого тартып алышкан.

Укмуш кооз бекен?

Булак: Meduza io

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5649