Мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Милиция Нагия Имашеваны издейт
RU

Мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Милиция Нагия Имашеваны издейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районунда 16 жаштагы Нагия Имашова дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 21-февралда мектептен чыккан боюнча дайынсыз экенин Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Башкармалыктан билдиришкендей, 16 жаштагы Нагия Имашова Арал айылында жашайт. Ал 21-февралда саат 16:00 чамасында мектептен чыккан боюнча кайда жүргөнү белгисиз болууда.

Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто салмакта, чачтары күрөң, кой көз.

Кийип жүргөн кийимдери: Агыш түстөгү күрмө, кара түстөгү классикалык шым, кызыл түстөгү жемпер, ак түстөгү көйнөк жана кара түстөгү кышкы бут кийим.

Эгерде изделип жатан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0709 35-35-29.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5666