Депутат Бишкектин райондорунун аталыштарын нукура кыргызча атоону сунуштады
RU

Депутат Бишкектин райондорунун аталыштарын нукура кыргызча атоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, депутат Айбек Алтынбеков Бишкектин мэрине борбор шаардын төрт районун нукура кыргызча атоону сунуштады.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев бул маселе боюнча сунуштар бар экенин белгилеп, алар тиешелүү тартипте карала турганын айтты.

"Тартипке ылайык карап жатабыз. Чечим мыйзамга ылайык кабыл алынат", - деди ал.

Эске салсак, азыркы тапта Бишкек: Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов деп төрт административдик районго бөлүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5669