Тазабек Икрамов мэрге жөө эмес, унаа айдап жүрүүнү сунуштады (видео)
RU

Тазабек Икрамов мэрге жөө эмес, унаа айдап жүрүүнү сунуштады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Бишкек шаарынын мэринен жөө эмес, унаа айдап жүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Икрамов мэриянын жанындагы трассадагы чуңкур маселесине токтолду.

"Мэриядан чыгып, Чүй проспектисинен өткөндө жолдо чоң чуңкур бар. Ошол жерден силер да өтөсүңөрбү жокпу? Мен ал жерден дайыма чуңкурга түшүп кетем. Ошондой жерлерди оңдогула да", - деп кеңеш берди депутат.

Ал эми борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев борбордо жөө жүрүүгө аракет кылып жатканын айтты.

"Туура айтасыз. Бирок мен ар бир жолугушууга жөө келгенге аракет кылам", - деди мэр.

Депутат бул жоопко нааразы болуп, мэрден жолдордогу абалды байкоо үчүн унаа айдап келүүнү талап кылды.

"Чет өлкөлөргө барганда алардын борборлоруна суктанам, кечинде линиялар күйүп турат. Бул көйгөйдү качан чечебиз? Сиз жаңы мэр катары жолдорду карап коюңуз, бизге деле ошондой эле каражат жол оңдоого жумшалат да", - деп жыйынтыктады Икрамов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5673