Күндүн сүрөтү: Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп узатылды
3196
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди расмий түрдө Германияга узатуу зыйнаты өттү. Саясатчынын адвокаты Искен Афижанов иш-чарадан сүрөттөрдү Фейсбук баракчасына бөлүшкөн.
Бөлүшкөн сүрөттүн алдына "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен расмий коштошуу", - деп жазды ал.
Иш-чарага анын партиялаштары, ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары Бакыт Төрөбаев, Жанар Акаев, Эмил Токтошев, Акылбек Түмөнбаев, Каныбек Иманалиев, Исмаил Исаков жана башкалар катышты.
slide 2 of 4
Эске салсак, жакында эле Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалган. Садыр Жапаров аны дайындоо боюнча жарлыкка 3-февралда кол койгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/5675