Садыр Жапаров Украинанын чыгышында болуп жаткан окуялар боюнча билдирүү жасады
RU

Садыр Жапаров Украинанын чыгышында болуп жаткан окуялар боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Украинанын чыгышында болуп жаткан окуялар боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Мен Украинанын чыгышындагы кырдаалды терең тынчсыздануу менен кабылдап жатам. Кыргыз Республикасы жаңжалды жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болуп саналган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосун алган Минск келишиминин негизинде иш алып барууну ар дайым жактап келген. Тилекке каршы, анын аткарылбашы азыркы татаал кырдаалга алып келди. Жаралган кырдаалды курмандыктарды болтурбоо үчүн гана жөнгө салуу керек деп эсептейм. Анткени адам өмүрү жер бетиндеги эң баалуу нерсе. Чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгө салууда этияттуулукту жана токтоолукту көрсөтүүгө чакырам. Балким, бул көп сандагы Орус жарандары жашаган Донбасс аймактарынын карапайым калкын коргоо үчүн жасалган аргасыз чара болгондур. Мамлекетти таануу ар бир өлкөнүн суверендүү укугу экенин белгилегим келет", - деп жазды мамлекет башчы.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5681