Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды (видео)
RU

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-февралда саат 17:00дөр чамасында Каракол - Пристань-Пржевальск айылы унаа жолунда жол кырсыгы катталды.

Катуу ылдамдыкта келе жаткан орус номурлуу "Жигули" жолдон чыгып кеткен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаада эки эркек жана эки аял болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар мас абалында болгону айтылды. Жабыркагандарды тез жардам кызматы алып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5705