Азык-түлүк кайра кымбаттады. Баалар
RU

Азык-түлүк кайра кымбаттады. Баалар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 24-февралда Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллар 95 сомго чейин көтөрүлдү.

Курс турукташпаса, кайрадан белди бекем бууш керек болот. Себеби мындай көрүнүш бардык бааларга, биринчи кезекте азык-түлүктүн наркына таасирин тийгизет.

Акыркы бир айда азык-түлүк кайрадан кымбаттады.

Гречканын базар баасы 120 сом.

Жалпысынан эле дан-эгиндердин килограммы 10 сомго кымбаттаган.

Кумшекердин бир килограммынын орточ баасы 70 сом. Күзүндө 57 сом болчу.

Суу майдын баасы 5-10 сомго өскөн. Жакшы өтпөгөн маркаларына акция жүрүп, литри 135 сомдон сатылууда.

Ун жана ун азыктары да 10-15 сомго кымбаттады.

Ал эми айрым макарон өндүрүүчүлөр продукциянын баасын кескин көтөрбөстөн салмагын бир аз азайтып коюшкан.

Уйдун эти базарда 480 сомдон 500 сомго чейин. Супермаркеттерде - 500 сомдон жогору. Койдун эти 460 сом.

Тооктун жумурткасы мурунку баа менен эле сатылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5708