Украинадагы атайын аскер операциясынын экинчи күнү. Учурда эмне болуп жатат?
RU

Украинадагы атайын аскер операциясынын экинчи күнү. Учурда эмне болуп жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-февраль, Украинада Россия баштаган атайын аскер операциясынын өтүп жатканын экинчи күн кетти. Украинанын президенти Владимир Зеленский аскер операциясынын жүрүшүндө украина тараптан канча киши каза болгонун жарыялады.

В обратном порядке
Только важное
09:40
25.02.2022

Кечээ, 24-февралда, Украинада 137 аскер кызматкери каза болду, анын ичинде 10 офицер. Дагы 316сы жарадар болушкан. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал Киевден чыгып кетти, деген ушак-айыңды төгүндөдү. Анын жубайы менен балдары да Киевде экенин баса белгиледи. Бирок алардын кайда экенин ачыктай албай турганын айтты.

"Бизге келген маалымат боюнча, душманыбыз мени №1- бута (цель), ал эми менин үй-бүлөмдү - №2-бута, деп аныктаптыр", - деди ал.

Андан тышкары, Киевге россиялык диверсиялык топтор кирди деген маалыматтар бар. Ошого байланыштуу президент элди кыраакы болууга жана коменданттык саатты сактоого үндөдү.

10:44
25.02.2022

Украинадагы кырдаалга байланыштуу АКШнин өкүлдөрүнөн турган палата Россияны БУУнун Коопсуздук кеңешинен чыгарып салууга үндөгөн резолюцияны карап жатышат, деп Axios порталы билдирди.

Резолюция БУУга кайрылып, Россияны Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнөн чыгаруу үчүн 23-беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча "чукул арада тиешелүу чараларды көрүүгө" чакырды.

10:48
25.02.2022

Anonymous тобунун хакерлери Россияга киберчабуул салып жатканын жар салышты. RT каналына карата DDoS чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышты.

Андан тышкары Anonymous тобунун жамааты Россияга каршы киберсогушка даяр экенин Twitter'ге жазышкан.

11:02
25.02.2022

Россияга каршы санкцияларды койгон Япония жаңы чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Kyodo басылмасы билдиргендей, коюлган санкцияларга ылайык, Россияга жарымөткөргүчтөр (полупроводники) экспорттолбойт. Андан тышкары, россиялык финансы институттарынын активдери тоңдурулуп, айрым россиялыктарга визалар берилбей калды.

11:03
25.02.2022

АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрү украиналык качкындарды кабыл алууга даяр экендигин билдиришти.

11:25
25.02.2022

Ошто Украинаны колдоо митинги өтүүдө. Бул тууралуу T-Media Фейсбукка таратты.

Акцияга онго жакын адам чыкты. Алар "Согушка жол жок", "Биз бүткүл дүйнөдө тынчтыкты каалайбыз" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

https://fb.watch/bojIMM0sx9/

Белгилей кетсек, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында да эки күн катары менен митинг өтүүдө. Бүгүн чогулгандар дүйнөлүк державалардын башчыларынан агрессияны айыптап, Россияны сүйлөшүү үстөлүнө чакырууну талап кылышууда.

12:19
25.02.2022

Украинанын Ички иштер министрлиги 18ден 60 жашка чейинки эркек жарандарына өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салдуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5713