Бүгүн ЦОНдордун бардыгы кадимки режимде иштейт
RU

Бүгүн ЦОНдордун бардыгы кадимки режимде иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-февралда Калкты тейлөө борборлордун бардыгы штаттык режимде иш алып барат. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомство билдиргендей бардык КТБлар саат 09:00дон 18:00го чейин иштешет.

Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого байланыштуу, Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул округдардын шайлоочулаарынан даярдалган документтерин алдын ала алып кетүүнү суранды.

ID-карттын даяр болгондугун мамлекеттик кызматтар порталынан жана Tunduk уюлдук тиркемеси аркылуу билип алсаңар болот. Андан тышкары 119 кыска номерине чалып да маалымат алуу мүмкүн. Телеофн чалуу бардык операторлордон акысыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5722