Бишкекте батир өрттөнүп, бир аял каза болду
RU

Бишкекте батир өрттөнүп, бир аял каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-февралда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батир өрттөнүп, бир аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ведомство берген маалыматка ылайык, 3-кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Өрт өчүрүүчү бригада 00:50дө келип, 28 мүнөттүн ичиинде өрттү курчоого алып, 08:45те толугу менен өчүргөн.

Өрттүн кесепетинен бир аял каза болду. Анын өздүгү аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5723