Кар көчкүнүн астында калган төрт адамдын бирөөсү эми гана табылды
RU

Кар көчкүнүн астында калган төрт адамдын бирөөсү эми гана табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-февралда КР ӨКМнин куткаруучулары Жалал-Абад облусунда кар көчкү алдында калып каза болгондордун биринин жансыз денесин табышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Табылган дененин өздүгү такталып - ал 1998-жылы туулган кыргызстандык К.А. экени аныкталды. Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Учурда калган үч адамды издөө иштери уланууда. Окуяга КР ӨКМнин 74 куткаруучусу, "Чайна Роуд" компаниясынын жети атайын техникасы, төрт чек арачы, тез жардам бригадасы жана ИИМдин төрт кызматкери тартылган.

Эске салсак, 14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 332-чакырымында (Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад тилкесинде) кар көчкү түшкөн. Көчкүнүн астында "Чайна Роуд" компаниясынын төрт кызматкери калган. Алар 1998, 1978, 1979 жана 1987-жылы туулган үч Кытай жана Кыргызстандын бир жараны. Андан тышкары беш атайын техника жана бир мобилдик үй бар болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5730