Издөөгө салынган 17деги өспүрүмдүн сөөгү табылды
RU

Издөөгө салынган 17деги өспүрүмдүн сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дайынсыз жоголуп кетти, деп издөөгө салынган Павел Тигайдын сөөгу Чүй облусуландагы Аламүдүн районунда табылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына облустук ИИБден билдиришти.

Такталган маалыматка ылайык, 17 жашар Павелдин сөөгү кечээ, 28-февралда Ленинский менен Кайырма айылдарынын ортосунан табылган. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Эске салсак, Павел Тигай 18-февралда, Ленинский айылындагы үйүнөн, болжол менен саат 02:00дон 04:00го чейинки мезгил аралыкта чыгып кетип, кайра кайтып келген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5762