ЭИК: Экономикадагы тобокелдиктерди талдоо боюнча штаб түзүүгө убакыт келди
RU

ЭИК: Экономикадагы тобокелдиктерди талдоо боюнча штаб түзүүгө убакыт келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Kaktus.media сайтына коомдук жана бизнес уюмдары дүйнөдө болуп жаткан окуялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири тууралуу туура прогноздорун түзүүгө толук маалыматка ээ эмес.

"Азыр жада калса дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, алдыңкы аналитикалык агенттиктер жана банктар да экономика боюнча алдын ала болжол айта алышпайт. Кырдаал ушунчалык тездик менен жана күтүүсүз өзгөрүп жаткандыктан, бир нерсе деп айтуу кыйын", - деди Сыдыков.

Ал туруксуздук жогорку деңгээлде экенин, ошондуктан валюта рыногунда бурулуш болорун кошумчалады. ЭИК жетекчиси акча которууларга, маанилүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды жана кээ бир азык-түлүк товарларын жеткирүүдө татаалдыктар жана тобокелдиктер күтүлөт деп эсептейт.

"Жалпысынан биз компетенттүү мамлекеттик органдардан, КР Улуттук банкынан, эл аралык уюмдардан толук маалыматты күтөбүз. Ошонун негизинде биз өз тыянагыбызды чыгарабыз.

Өлкөнүн экономикасын туруктуу кармоо үчүн антикризистик иш-чаралардын планын күтөбүз. Бизнес менен кеңешип, антикризистик чаралар боюнча өз сунуштарыбызды берүүгө аракет кылабыз.", - деди ал.

Бизнес-ассоциациялар көбүрөөк кеңешип, экономикабыздагы кесепеттерди азайтуу үчүн кандай чараларды көрүүнү өкмөткө сунушташы керек.

Аскар Садыков эмне үчүн Коопсуздук кеңешинин, жок дегенде министрлер кабинетинин жыйыны боло электигине таң калганын билдирди.

"Биз бул тууралуу коомдук мейкиндиктен уга элекпиз. Бийлик материалдык запасы, маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү майлардын бар-жогу, экономикада кандай окуялар болушу мүмкүн экенин талкуулашы керек", - дейт.

Экономикалык чөйрөдө антикризистик чараларды иштеп чыгуу үчүн штаб керек.

Эске салсак, Украина окуясынан улам бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда экономика алсырай түштү. Доллардын курсу орто эсеп менен 8-9 сомго кымбаттап, Улуттук банктын үстөк пайызы 10 пайызга чейин жогорулады. Улуттук банк инфляциянын деңгээлин 12% деңгээлинде кармап турууга убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5765