1-мартка карата Украинадагы кырдаал. Материал жаңыланып турат
RU

1-мартка карата Украинадагы кырдаал. Материал жаңыланып турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 1-март, Россиянын президенти Владимир Путин Украинада атайын аскер операциясы өтөт деп жарыялагандан бери алты күн өттү. Азыркы тапта Украинада эмне болуп жатканын бул материалдан окуңуз.

В обратном порядке
Только важное
10:51
01.03.2022
Зеленскийдин кайрылуусундагы негизги учурлар

Сүйлөшүүлөр: биз айрым сигналдарды алдык. Жакында делегация Киевге кайтып келет, биз экинчи раундду кандай өңүттө өткөрөбүз, ошону аныктайбыз.

Аткылоо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү синхрондоштуруу көрүнүп турду. Россия кысымга алууга аракет жасап жатат, бирок биз мындай тактикага каршыбыз.

Чыныгы сүйлөшүүлөр бир тарап экинчи тарапты ракета менен чабуул салбай турганда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Украинада согуш башталгандан бери 56 ракета атылып, 113 канаты бар ракета чыгарылган.

Харьковду аткылоо - аскер кылмышы, ал жерде бир да аскер объектиси жок. Россия кайсы тарапка атып жатканын билген.

Дүйнө жүзүндөгү бардык деңиз порттор жана аэропорттор Россияга кирүүгө тыюу салып, россиялык товарлардан баш тартуусу керек. Алардын товарын сатып алуу - адамдарды өлтүрүүгө акчасын төлөп берүү дегендик.

11:00
01.03.2022
Гаагадагы эл аралык сот иликтөөсүн баштады

Гаага шаарындагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Украинадагы Россиянын иш аракети боюнча иликтөө жүргүзө баштады.

"Украинада аскер кылмышы жана адамзатка каршы кылмыштар жасалды деп айтууга негиздер көп болуп жатат", - дейт прокурор.

Карим Хандын айтымында, конфликт мындан ары өрчүй турган болсо, иликтөөгө кайсы тараптан болбосун жаңы айыптоолор да тиркелет.

11:33
01.03.2022
Аскер операциясынын катышуучуларына ветеран статусу жана жеңилдетүүлөр берилет

РФтин коргоо министрлиги Украинадагы, Донецкий жана Луганский эл республикаларындагы атайын аскер операциясына катышкан аскер кызматкерлерине ветеран статусун берүүнү сунуштады. Эгер айтылып жаткан сунуш ишке аша турган болсо, 2022-жылы ага 5 миллиард рублден ашык чыгаша кетет. Федералдык мыйзамдын долбоору нормативдик документтердин базасында жарыяланган, деп ТАСС агенттиги билдирди.

11:54
01.03.2022
Путин санкцияларга каршы чара көрүүчү токтомго кол койду

Владимир Путин "АКШнин жана ага кошулуп алган чет элдик мамлекеттердин достук эмес иш аракеттерине байланыштуу атайын экономикалык чараларды көрүү тууралуу" токтомго кол койду.

  • Бекитилген токтомго ылайык, экспортерлор 2022-жылдын 1-январынан тартып валюталык кирешенин 80%ын сатууга тийиш.
  • Экспортерлордун чет элдик валютаны сатуу тартибин Центробанк бекитет.
  • Путин россиялык резиденттерге чет элдик зайымдарды валюта менен берүүгө жана Россиядан сырткары жайгашкан банктардын эсебине валюта которууга тыюу салды.
  • Россиянын резиденттерине эсеп ачпай туруп электрондук акча которуу каражаттары аркылуу чет элдик жеткирип берүүчүлөр (поставщиктер) берген акчаны которууга тыюу салынды.

Россияга каршы санкцияларды ондогон мамлекеттер кииргизген, алардын катарында ЕБ өлкөлөрү, АКШ, Канада, Япония, Австралия ж.б. Россиялык банктарга чектөөлөр киргизилген (анын катарында ВТБ жана Сбербанк), Россияга жогору технологиялык продукцияны киргизүүгө тыюу салынды.

13:17
01.03.2022
Россияда америкалык кинолорду көрсөтүүгө тыюу салынды

Украинадагы кырдаалга байланыштуу америкалык The Walt Disney Company Россиянын аймагында кинолорун көрсөтүүнү убактылуу токтотту.

Кийинчерээк ушундай эле чечимди Warner Bros компаниясы да кабыл алып, 2-мартка пландалган "Бэтмен" киносунун бет ачарын токтотту.

Жогорудагы компаниялардын аракетин Sony Pictures колдоп, 24-мартка пландалган "Морбиус" киносунун Россиядагы прокатын жана буга чейинки кинопремьералардын бардыгын жыйыштырды.

Бойкоттун мөөнөтү Украинадагы кырдаалдан көз каранды.

13:40
01.03.2022
Согушка каршы чыккандар камакка алынууда

Россияны ар кайсы шаарларында Украинадагы атайын аскер операциясы башталгандан бери 6 440 адам камакка алынды. Бул жөнүндө ОВД-ИНфо маалымдады.

Бардык күндөрдү бир эсептегенде:

  • 3 126 киши Москвада;
  • 2 084 - киши Санкт-Петербургда;
  • 125 - киши Екатеринбургда;
  • 108 - киши Краснодарда;
  • 101 - киши Нижний Новгороддо;
  • 73 - киши Новосибирскийде;
  • 71 - киши Казанда.

Баш аягы алты күндө 103 шаарда согушка каршы акциялар өткөрүлгөн.

14:03
01.03.2022
Болгария, Польша, Словакия Украинага аскер учактарын берет

Болгария, Польша жана Словакия Украинага 56 МиГ-29 учагын берет. Андан тышкары Болгария Су-25 учагынан 14тү бермей болду. Бул тууралуу Украинанын аскер-деңиз күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, зарылчылык болгондо учактар Польшадагы аэродромдорду база катары колдоно алышат.

Бир күн мурун учактарды берүү жөнүндө Евробиримдиктин жетекчилиги маалымдаган. Украинага $450 миллионго учуучу аскер техникасы жөнөтүлмөк. Бирок аскер учактарын берүү бул суммага кирген эмес.

The Wall Street Journal Киев МиГ менен Су учактарын гана сураганын баса белгиледи. Себеби, украиналык учкучтар ушул самелотторду гана башкара алышат.

15:06
01.03.2022
Украинадан Польшага барган качкындардын саны 377 миң кишиге жетти

Россия Украинада атайын аскер операциясын баштагандан бери Польшага 377 миң украиналык качып кирген. Бул тууралуу Польша мамлекетинин чек ара кызматы Twitter'ге жазды.

"24-февралдан баштап Украина чек арасындагы көзөмөл пункту аркылуу 377,4 миң жаран өттү", - деп ведомство маалымат берди.

16:12
01.03.2022
Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин чакыртты

Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин чакыртты. Алар Киевге консультация алуу үчүн жөнөп кетишет. Бул тууралуу украиналык маалымат каражаттары президентинин видео кайрылуусуна шилтеме берип жазышты.

"Тез арада Кыргызстандагы элчибизди чакыртабыз. Украинага каршы агрессияны актагандыгы үчүн. Тез арада Грузиядагы элчибизди чакыртабыз. Бизге жардам берүүнү каалаган ыктыярчыларга тоскоол болгондугу үчүн жана санкцияларга карата моралдык эмес позицияны карманганы үчүн", - деп Зеленский айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5766