Депутат: Мадумаров "кой терисин жамынган карышкырдай"
RU

Депутат: Мадумаров "кой терисин жамынган карышкырдай"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жеңишбек Токторбаев эл өкүлү Адахан Мадумаровдун дарегине сын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Адахан Мадумаров менин дарегиме мыйзам долбоорун карап жатканда сын айтты. "Өзүңөрдүн досуңардын мыйзамын өткөрүп жатасыңар" деп билдириптир. Адахан Мадумаров бизге мугалим болуп, акыл-насаат айтканын такыр койбоду. Мадумаров өзүн бийик тутуп, өзү тууралуу бийик ойдо. Ал такыр андай эмес. Ал биздин арабызда отурган депутаттардын бири. Чындыкты айтуу керек. Сиздин образыңыз "кой терисин жамынган карышкырдай", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов регламент боюнча башка депутаттардын атын атап, шек келтиргенге болбой турганын эскертип, микрофонду өчүрдү.

Депутат Исхак Масалиев: "Бул залда ар кандай сөздөр айтылат. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам. Биз 5 жыл чогуу иштейбиз. Эртең учурашабыз, көрүшөбүз", - деди.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5780