Украинанын аскерлери эки кыргызстандык үй-бүлөгө жардам берди
RU

Украинанын аскерлери эки кыргызстандык үй-бүлөгө жардам берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-мартка караган түнү Украинада салыштырмалуу тынч өткөнүн Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

Ал сүйүнүчү менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

"Биз жаш баласы бар аялды Днепр дарыясынын (Борисполь) чыгыш жээгинен эвакуациялоого жетиштик, алар 3 сутка бою жете албай жаткан Польшага аман-эсен жетти.

Ошондой эле кечээ, кагылышуу болгон Ирпин шаарынан чыгып кетүүгө, украиналык аскер кызматкерлери эки жаш балдары бар үй-бүлөгө жардам беришти. Учурда алар коопсуз аймакта", - деди Кадыркулов.

Ал Кыргызстандын элине ар кандай жардам көрсөтүп жаткан Украинанын жарандарына ыраазычылык билдирет.

"Дүйнөдө жакшы адамдар жок эмес. Рахмат!" - деп жазган элчи.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын 300дөн ашуун жараны Украинадан чыгып кетүүнү каалагандыгын билдирген. Эвакуация Венгрия, Румыния жана Польша аркылуу жүргүзүлөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5781