Жаңы мэр мурунку мэрдин программасы менен иштебейт
RU

Жаңы мэр мурунку мэрдин программасы менен иштебейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-мартта, Бишкектин жаңыдан дайындалган мэри Эмилбек Абдыкадыров алгачкы пресс-конференциясын берди.

Ал башкаруу системасын калыпка салып, структура көйгөйүн чечүүнү убада кылды.

Белгилей кетсек, ага чейинки мэр Айбек Жунушалиев мэриянын жаңы структурасын бекиткен болчу. Андан кийин ар кайсы бөлүмдүн кызматкерлеринен көп сандаган арыздануулар башталган.

Абдыкадыров калыпка түшүп калган структураны калтырам деп убада кылды.

Ошонлой эле, Жунушалиев борбор шаарды өнүктүрүү презентациясын создуктуруп салган. Андан кийин аны жаңы конуштун тургундарына, техпаспортторду таратып жаткан учурда айтып берген.

Жаңы мэр муниципалитеттин ишинде кийинки мэр мурункунун ишин уланат деп билдирип, Жунушалиевдин программасына жөн гана толуктоолорду киргизээррин айтты.

Бирок журналисттер Жунушалиевдин программасы шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө эч тиешеси жок жөн гана реферат деп айтканда, мэр аны чакыртып алгам, деп жооп берди.

"Ошондуктан мен аны чакыртып алгам. Мындай программаны ишке ашыруу мүмкүн эмес", - деп Абдыкадыров белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5785