"Уят" деген түшүнүк өспүрүмдөргө кантип тоскоол болот?
RU

"Уят" деген түшүнүк өспүрүмдөргө кантип тоскоол болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы өспүрүмдөр жана үй-бүлөлүк мамилелер.

"Ойло бот" жасалма интеллекти атайын өспүрүмдөр үчүн иштелип чыккан. Анын жардамы менен балдар ата-энесинен, дарыгерден же мугалимден сурай албаган суроолоруна жооп таба алышат. "Ойло бот" машиналдык түрдө үйрөнө турган система менен иштеген – Телеграмдагы виртуалдык маектеш. Ботко канчалык көп суроо берилсе, ошончолук жакшыраак жооп бергенге үйрөнөт.

"Ойло бот" 6 багыттагы суроолорго жооп берет. Алар: психология, физиология, ден соолук, сексуалдуулук, мамилелер, үй-бүлө. Жасалма интеллект менен сүйлөшүү толугу менен анонимдүү.

"Ойло ботту" иштеп чыкканыбыздын негизги себеби – кыргыз тилинде сексуалдык тарбия боюнча ишенимдүү жана текшерилген маалыматтын жоктугу. Биздин чатбот бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет – ал өспүрүмдүн телефону аркылуу каалаган убакта, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү."

"Ойло бот" Telegram каналына шилтеме.

Психолог Сайкал Коннер "Ойло боттун" түз эфиринде Борбор Азиялык үй-бүлөдөгү мамилелер жана ал өспүрүмдөрдүн келечегине кандай таасир этээрин айтып берди.

  • Биринчиден, Борбор Азиялык үй-бүлө жашы боюнча иерархияны катуу тутат. Үй-бүлөнүн эң улуу жана абройлуу мүчөлөрүнүн сөзү кичүүлөр үчүн мыйзам. Бул өз кезегинде өспүрүмдөрдүн чечим чыгарууга же өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликти алууга үйрөнүүсүнө тоскоол болот.
  • Экинчиден, азиялык үй-бүлөлөрдө гендердик ролдор так бөлүнгөн. Эркек – багуучу, аял – үй-тиричилигин жүргүзүп, бала тарбиялоо милдетин алат. Бул кыздардын кесип тандоосун чектейт.
  • Үчүнчүдөн, жеке чектердин жоктугу. Үй-бүлөнүн кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору коюлат. Мисалы, бир маанилүү иш-чара болсо, анда ар ким катышууну кааласа да, каалабаса да убактысын жана жеке ресурстарын курмандыкка чалат.
  • Төртүнчүдөн, кеч сепарация болуу. Ата-эне менен балдар муундан-муунга чогуу жашай берет. Ата-эне баласы бойго жеткенден кийин деле колдоо көрсөтүп, жеке жашоосуна кийгилишет.
  • Бешинчиден, мамилелерди жөнгө салуу үчүн "уят" деген түшүнүктү колдонуу. Уят сезими адамга ушунчалык катуу таасир эткендиктен, үй-бүлөнүн кадыр-баркы үчүн өзүнүн каалоолорунан же муктаждыктарынан баш тартууга аргасыз кылат (мисалы, үй-бүлө үчүн жагымдуураак талапкерге турмушка чыгуу).

Өспүрүмдөр менен чоңоюп калганын талкуулоо маанилүү экенин "Ойло бот" долбоорунун куратору Гуляим Айылчы айтып берди.

Азия маданияты коллективисттик, ар бир үй-бүлөнүн же жамааттын мүчөсүн колдоп, коргой алат. Бирок ошол эле учурда адамдын жеке муктаждыктары эске алынбайт, ошондуктан өспүрүмдөр өз каалоолорун ажырата билишпейт, муктаждыктары жөнүндө эч кимге айта алышпайт, өздөрүн жалгыз сезишет. Биз өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эч качан бербеген, бирок сурап билгиси келген суроолору тууралуу сурамжылоо өткөрдүк.

Күтүлгөндөй эле, жеке жана сексуалдык мамилелер тууралуу суроолор кыргыз үй-бүлөлөрүндө талкууланбай тургандыгы аныкталды. Алар: жыныстык катнаш, романтикалык окуялар, атүгүл сексуалдык ыдык жана зордук. Сексуалдык ыдык жана зордук жеке чектер деген түшүнүк жок болгондуктан да келип чыгат. Мисалы, өспүрүм жакындарынын каалабаган тийүүсүн, кармалоосун токтото албайт же чакырылбаган конокту үйгө киргизбей кое албайт. Кыргызстанда жыныстык тарбия маселеси абдан курч. Эрте кош бойлуулук, сексуалдык зордук же өспүрүмдөрдүн тынчсыздануу учурлары көбүнчө өз укуктарын билбегендиктен, медициналык жана психологиялык жардамга жетпегендиктен болуп жатат.

Кыздар жана балдар үчүн маанилүү суроолордун экинчи тобу жеке гигиенага тиешелүү. Интернеттеги маалымат жеткиликтүү болгонуна карабастан, ата-энелери бул темаларды талкуулоого даяр эмес. Көптөгөн жаштар чоңойгон сайын гигиеналык көйгөйлөргө туш болушат. Кыздар үчүн айыз гигиенасын ачык талкууга тыйуу салуу маселеси курч болуп, таза даараткана, сууга жеткиликтүүлүк сыяктуу шарттардын жоктугу ыңгайсыздыктарды арттырат. "Ойло бот" кыздар үчүн таза дааратканалар маселесин чече албаса дагы, алардын организми эмне болуп жатканын, бар болгон каражаттар менен гигиенаны сактоону үйрөтүп, тынчсыздануунун деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн.

"Ойло бот" өспүрүмдөргө теңтуштары, ата-энелери менен мамилелерди курууну, көйгөйлөрдү талкуулаганды, булингге туруштук берүүнү жана адистерден медициналык, юридикалык жана психологиялык жардам издегенди үйрөтөт.

Нейрондук тармактарды колдонуу 21-кылымдын эффективдүү билим берүү тенденцияларынын бири болуп саналат. Чатботтор абдан популярдуу, аларды телефонго жүктөп алуунун кереги жок жана кошумча эстутумду ээлебейт. Бүгүнкү күндө чатботтор дүйнө жүзү боюнча ар кандай чөйрөлөрдө - үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууда, контрацепцияны колдонууда, психологиялык колдоо көрсөтүүдө иштейт. Мисалы, "Hello, Caas" чатботу австралиялык аялдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан СМС арылуу жардам издөө үчүн иштелип чыккан. Түштүк Африкада жана Индияда кыздардын ыңгайсыз суроолоруна жооп берүү үчүн иштелип чыккан "Big sis" чатботу түзүлгөндөн бери миллиондон ашык билдирүүлөрдү алган. "Ойло чат боту" - кыргыз тилинде иштелип чыккан эң биринчи продукт.

"Ойло" жасалма интеллектин өнүктүрүү жана окутуунун үстүндө – UNESCO IITE, "Бишкек феминисттик демилгелери" коомдук бирикмеси, ошондой эле дарыгерлер, психологдор жана юристтерден турган эксперттер тобунан турган команда иштеди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5793