БУУ Россиянын Украинага кол салуусун сындады. Кыргызстан добуш берген жок
RU

БУУ Россиянын Украинага кол салуусун сындады. Кыргызстан добуш берген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БУУнун Генералдык ассамблеясы Россиянын Украинага аскер менен кирип баруусун сындаган резолюцияны кабыл алды.

Генассамблеянын мүчөлөрү "дароо, ушул замат, толугу менен эч бир кылчактабай" Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү Москвадан талап кылышты.

Резолюцияны кабыл алуу үчүн 141 мамлекет добуш берип, беш өлкө каршы чыкты. Алар: Россия, Белорусия, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея.

35 өлкө добуш берүүдөн карманды. Алардын катарында Кыргызстан дагы бар. Добуш бербеген өлкөлөр Кытай, Конго, Мадагаскар, Монголия, Пакистан, Сенегал, Казакстан жана Тажикстан.

Резолюцияда Генассамблея "Россия тараптан болгон агрессияга караманча каршы" жана Кремлден "Украинага карата күч колдонууну дароо токтотууну" талап кылгандыгы тууралуу жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5797