Киевде ок атышуулар тыным алган учурда үлпөт той өткөрүлдү
RU

Киевде ок атышуулар тыным алган учурда үлпөт той өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-мартта, Киев шаарында кайгуул полициясынын жетекчиси Юрий Зозуля менен журналист Ангелина Карякина үйлөнүштү.

Никеге туруу фактысы Улуттук полициянын Кайгуул депуртаментинин жетекчиси Евгений Жуков тарабынан күбөлөндүрүлдү. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазган.

"Аскер кырдаалынын мыйзамына ылайык, мен бөлүмдүн жетекчиси катары кол алдымда иштеген Юрий Зозуля менен анын сүйлөшкөн кызы Ангелина Александровна экөөнүн никесин күбөлөндүрдүм!", - дейт Жуков.

Гүл чамбар катары орхидея гүлү болду, ал эми шакектер күтүүсүз жерден, бекер эле табылып калды десек да болот.

"Украина - бул сонун адамдар, аскер жана полиция кызматкерлерин чогултуп жаткан учурда шампанский да ооз тийгизишти. Сүйүү", - деп Карякина өзүнүн баракчасына жазган.

Андан тышкары, күйөө бала өзүнүн жетекчисинен танкка каршы РПГ-26 куралын белекке алганын белгиледи.

Үлпөт той Киевдеги ок атышуулар тыным алган учурда белгиленди.

Маалымат булагы: Tvnet

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5801