Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 30 жыл толду
RU

Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 30 жыл толду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өттү.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин парады өттү.

"Бүгүнкү күндө желегибизди чет жерде желбиретип, мекендештерди дал ушундай кубанычка бөлөйм деген ар тараптуу өнүккөн атуулдарыбыз арбын. Өлкөмдүн бир тармагын өнүктүрүп, чет жерге таанытып, туу көтөрөм деген долбоорлору даяр демилгелүү жаштарыбыз четтен чыгат. Аларга болгону аз гана мамлекеттик колдоо, дем-күч жетишпей турат. Мен дагы өлкөмдүн атын алыска чыгарып, потенциалдуу тармактарын өнүктүрсөм, улутумдун өнүгүшүнө салым кошсом деген жигердүү жаштарды жетем деген максатына жетелөөгө дилгирмин", - деди президент Садыр Жапаров.

Эгемен өлкөнүн негизги символдорунун бири болгон - туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган.

Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Мамлекеттик туу кызыл түстө. Ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагы, анын ичине боз үйдүн түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

Авторлордун белгилешинче, туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5802