Дастан Бекешев Туу күнүндө башка депутаттар менен бир отургандан баш тартты (видео)
RU

Дастан Бекешев Туу күнүндө башка депутаттар менен бир отургандан баш тартты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Мамлекеттик туу күнү Ала-Тоо аянтында бегиленип жаткан жеринен видео тарткан.

Парламентарий Instagram баракчасына видео жарыялап, башка депутаттардын жансакчылардын курчоосунда отурганын көрсөткөн. Бекешев өзү эл менен кошо "Илбирстин" имаратынын жанында турат.

Ошондой эле депутат бүгүнкү майрамды элдик майрамга айландырууну сунуштады.

"Садыр Жапаров катышкан мамлекеттик иш чарага барып келдим. Аябай кызыксыз өттү. Бизде ушундай майрамдарды өткөргөн мамлекеттик протокол бар эмеспи. Кызыктуураак кылса деле болот болчу. Мисалы жарандарга кайрылып, балкондоруңарга желекти илип койгула десе болот же бардыгына бекер желектерди таратса болот. Инсталяция жасап, "Ак үйгө" проектисин түшүрсө деле болот болчу. Качан болбосун кызыктуу бир нерсе ойлоп тапса болот да", - деп Бекешев жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5804