Оштогу банктардын көбүндө рубль сатылбай калды
RU

Оштогу банктардын көбүндө рубль сатылбай калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы көпчүлүк банктарда рубль сатылбай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кайрылган жарандар билдирип, Россиядан жакындары которгон акчаларды банктар сом менен гана берип жатканын айтышты.

Бир катар банктарга кайрылып, адистерден "кассада рубль жок" деген жооп алдык.

Россия Украинага басып киргенден бери орус рубли наркын жогото баштаган. Кыргызстанда да арзандап, учурда коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу менчик күркөлөрдө 1000 сом 850 рублга барабар болууда.

Улуттук банктын расмий эсебинде рубль 3-мартта дээрлик 11% арзандап, 1 рубль - 92 тыйынга барабар деп көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5811