УКМК өзүнүн академиясын кура баштады. Көрүнүшү кандай болот?
RU

УКМК өзүнүн академиясын кура баштады. Көрүнүшү кандай болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Академиясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Мамлекеттик комитет өлкөдө эгемендүүлүк алгандан бери ведомствонун кызматкерлерин окутуп жатканын, бирок окута турган атайын жогорку окуу жайы болбогонун белгилейт.

Бүгүн, 3-мартта мекеменин имаратынын пайдубалына капсула салынды. Ага УКМКнын жетекчилиги, ардагерлер жана ардактуу коноктор катышты.

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору УКМКнын Академиясы келечекте кыргыз элинин жана жалпы мамлекеттин коопсуздугун камсыздаган жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарына ишенимин билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5816