Аруузатка эң кымбат дары сатып алуу үчүн акча чогултуу токтотулду
RU

Аруузатка эң кымбат дары сатып алуу үчүн акча чогултуу токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аруузат Ташматованын ата-энеси дүйнө жүзү боюнча эң кымбат дары золгенсма (укол) сатып алуу боюнча акча чогултууну токтотушту. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге ыктыярчылар билдиришти.

Аруузат тууралуу бул жерден окусаңыз болот.

Бир нече күндүн ичинде Аруузаттын дарылануусуна акыркы каржаттар которулат.

"Биз башка өлкөдөн акча которууну күтүп жатабыз. Ал түшсө эле каражат чогултууну токтотобуз. Азырынча биздин эсептерибизде канча акча бар экенин так айта албайбыз, учурдагы валюта курсун да эске алыш керек. Бардыгын эсептегенден кийин сөзсүз отчет беребиз", - деп ыктыярчылар убада беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5819