Дастан Бекешев: Жетимдерге үй салып бергиле, УКМК өзүн-өзү эле багып алат
RU

Дастан Бекешев: Жетимдерге үй салып бергиле, УКМК өзүн-өзү эле багып алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, жетимдерге көп кабаттуу үй салып берүүнү суранды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-февралда, парламенттин жыйыны учурунда айтты.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети жакында эле көп кабаттуу үйлөрдүн салынышына тендер жарыялады, анын жалпы суммасы 581 млн сом.

"Ооба, УКМКнын кызматкерлерине да үй керек, алардын айлыктары төмөн. Бул түшунүктүү, бирок, эмне үчүн ар дайым күчтүүлөргө эле шарттардын бардыгы түзүлөт. Ал эми алсыздар куржалак калышат. Бизге жардам сурап кайрылган жетимдер толтура. Аларга эмне деп жооп беребиз? Кайра эле акча жок, деп айтабызбы? Эмне үчүн башкаларга акча бар, жетимдерге келгенде эле жок? Аларга деле 9 кабат үйдөн 2-3тү салып бербейсиңерби", - деди Бекешев.

УКМК өзүн-өзү бага алат, деп депутат кошумчалады.

Ал жерде чынчыл, ак ниети менен иштеген адамдар бар, бирок жалпысынан УКМК бийликти тейлейт. Кечээ эле алар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду камакка алып жатышкан, бүгүн башкаларын отургузуп жатышат. Кимди кармашат аларга айырмасы жок.

"Жетимдерди ойлогулачы. Акча жок - деген жооп - калп. Президент бул маселеге көңүл бурат деп үмүттөнөм", - деди депутат.

Данныйларга ылайык, УКМК 2022-жылдын август айына чейин Бишкекте тогуз кабатту үйлөрдү салып, толугу менен бүтүрүүнү пландоодо. Үйлөр 105А сериясында болуп, бардык коммуникациялар, социалдык-маданий жана тиричилик максаттагы объектилерди камтыйт. Лоттун баасы - 580 млн 935 миң сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/581