Эгер АЭС жарылса, кесепетинен коргонууга йод жардам берет, дейт Комаровский
RU

Эгер АЭС жарылса, кесепетинен коргонууга йод жардам берет, дейт Комаровский

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эгер снаряддар АЭСке тийип, радиоактивдүү жугузуп алуу коркунучу жаралса, ден соолукту кантип коргоп калса боло тургандыгын украиналык дарыгер-педиатр Евгений Комаровский айтып берди.

Ал берген маалыматка ылайык, радиоактивдүү жугузуу болгон учурда биринчи кезекте организмге радиоактивдүү йод ташталып, богок безин жок кылат.

Ошондон коргонуунун негизги эрежеси бар.

Эгер радиоактивдүү жугузуп алуу коркунучу жаралса, анда йодду ичүү керек. Богок бези ошол йод менен алектенип, биз анын талкаланышын алдын алабыз. Бул нерсени реалдуу коркунуч жаралганда, жана айгай (тревога) жарыялангандан кийин бир нече мүнөттө же саатта жасоо керек. Эгер муну алгачкы 2 саатта жасап жетишсек, коргоо фактору 90%ды түзөт. Эгер жарылуу болгонго чейин 30 мүнөт мурда ичсеңер коргоо фактору 100%га тете болот.

Йодду кантип ичүү керек?

Комаровскийдин айтымында "таблетки калия йодида" деген препарат бар. Бир таблеткасы - 250 мг, бул радиация учурундагы атайын профилактикалык доза.

"Радиоактивдүү жугузуу коркунучу жаралганда эки жаштан жогору жарандардын бардыгы дароо бул таблетканын 125 мг ичүүсү кажет. Эки жашка чейинки балдар - 40 мг. Эгер бул препаратты сатып алуу мүмкүн болбой турса, альтернатива катары кадимки 5%дык йоддун эритмесин колдонсоңор болот. 14 жаштан жогорулар 40 тамчы, колдон келсе сүткө тамчылатып ичүү керек. 5тен 14 жашка чейинкилер - 20 тамчы ичишет. 2ден 5 жашка чейинкилер - 20 тамчы терисине, 2 жаштан кичүүлөргө - 10 тамчы терисине. Терисине дегеним, йодду сууга аралаштырып, йод торчосун жасоо керек", - деп педиатр сунуштады.

Комаровский бул процедураны бир эле жолу жасоо керек, деп катуу эскертүү берди. Ал, анын бул кеңешинин эч кимге кереги тийбейт, деген үмүтү бар экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5824