Рамзан Кадыров Путин үчүн жанын берүүгө даяр экенин жазды
RU

Рамзан Кадыров Путин үчүн жанын берүүгө даяр экенин жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Россиянын президенти Владимир Путинден чечен аскерлерине Харьков, Киев жана Украинанын башка шаарларын алууга буйрук берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн Телеграм каналына жазды.

"Биздин аскерлерге буйрук бериңизчи. Алар Харьковду, Киевди жана башка бардык шаарларды тез, так, натыйжалуу басып алышат. Урматтуу президент, мен сиз үчүн жанымды берүүгө даярмын. Бирок менин жана биздин согушкерлердин, коргоо министрликтеринин, Улуттук гвардиянын жана башка түзүмдөрдүн аскерлери кантип каза болуп жатканын көргүм келбейт. Баарына көз жумуп, ал жерде болуп жаткандарды бир-эки күндүн ичинде бүтүрүүүнү суранам", - деп жазды Кадыров.

Мындан тышкары, Чеченстандын башчысы Украинадагы кырдаалга токтолуп, аны Россия үчүн коркунуч деп атап, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жакшы экенин, бирок азыр орус жоокерлери, мекендештери согуштук аракеттерден улам өлүп жатканын белгилеген.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5832