Көчөдөн аялды урган адам бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагымбаев болуп чыкты
RU

Көчөдөн аялды урган адам бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагымбаев болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү эркек киши көчөдөн аялды уруп кеткен окуянын чоо-жайын билдирди.

РИИБ 15-январь күнү Г.С жазуу жүзүндө арыз менен кайрылганын билдирди. Ал аялдын айтымында, ошол эле күнү эртең менен көчөдөгү кафелердин биринде белгисиз бирөө коомдук эрежени бузуп, оозеки уруш учурунда аялдын денесине залал келтирген.

Бул факт Октябрь райондук ИИБнин РИИБге катталып, кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча ошол эле күнү милиция бөлүмүнө 1985-жылы туулган С.К. алынып келинген. Тергөө иш-чараларынан кийин ал үйүнө чыгарылган.

Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

Ал ортодо окуянын күбөлөрү бул киши бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев деп таанышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5833