Украина Россия менен сүйлөшүүгө катышкан адам атылганын билдирди
RU

Украина Россия менен сүйлөшүүгө катышкан адам атылганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын Коопсуздук кызматы камакка алуу учурунда украиналык сүйлөшүү тобунун мүчөсү Денис Киреевди атып өлтүргөн. Ал мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелип жатканын "Украинская правда" жана башка бир катар украиналык басылмалар күч органдары жана саясатчыларга шилтеме берүү менен жазышты.

Саясий чөйрөлөрдөгү булактарга таянуу менен "Украинская правда" басылмасы Киреевдин мамлекетке чыккынчылык кылганы тууралуу так маалыматтар, анын ичинде телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазуулары бар экенин жазды. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ал Украина менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасына катышкан.

Өз кезегинде Украинанын Коргоо министрлиги Денис Киреев өзүнүн милдетин аткарып жатып каза болгондугун гана айтты.

45 жаштагы Киреев украиналык ири банктарда иштеген. Ал Россиянын делегациясы менен Украинадагы кырдаалды сүйлөшүүдө кандай роль ойногону белгисиз. Айрым социалдык тармактарга тараган сүрөттөрдө ал делегацияга ишкер катары кошулган.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5848