Россияда Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka жабылууда
RU

Россияда Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka жабылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Berska сыяктуу белгилүү кийим-кече дүкөндөрүнүн тармактарына ээлик кылган Испаниянин Inditex компаниясы Россиядагы 502 дүкөнү жабыла турганын билдирди.

"Бул өлкөдөгү инвестициянын жалпы көлөмү Inditex үчүн каржылык жактан маанилүү эмес", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Inditex мындай чечимди Россия Украинага басып киргенден он күндөн соң кабыл алды.

Компанияда россиялык 9000 кызматкер иштейт. Аларды колдоо боюнча атайын план иштелип чыгары айтылды.

Россиянын Украинадагы агрессиясынан улам буга чейин эл аралык бир топ компаниялар бул өлкөдө ишмердигин токтоткон.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5849