Ата-энелер митингге чыгып, мектеп жана бакчаларды ачууну талап кылып жатышат
RU

Ата-энелер митингге чыгып, мектеп жана бакчаларды ачууну талап кылып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-февралда Бишкектин мэриясынын алдында окуучулардын ата-энелери митингге чыгышты. Баш аягы 20га чукул киши чогулду.

Алар шаар жетекчилигинен бардык окуу жайларды ачууну талап кылып жатышат. Күндө эртең дей бербей, бир чечим кабыл алгыла, деген ойлорун билдиришти.

Аларды социалдык блок үчүн жооптуу вице-мэр Айжан Чыныбаеванын кабинетине чакырышты. Ал митингчилерге, мамлекеттик мектептерди ачуу мүмкүн эмес, анткени ал жерде балдардын саны өтө көп, ал эми жеке менчик мектептерде балдар аз санда окушат, деп түшүндүрдү.

Ата-энелердин пикири боюнча, бардыгынан корко берген болбойт.

"Биз өмүр бою карантинде отура берсек, кантип иштеп, акча таап өзүбүздү бакмак элек? Вирустан коркуп эле, үйдө отура берген болбойт. Мындай көрүнүш дагы канчага чейин созулат? Мурда деле балдар бакчага, мектепке барып, менингит, "боткина" болуп оорушчу, андан башка да коркунучтуу оорулар бар", - деп ата-энелердин бири нааразы болду.

Чыныбаева, ага күндө прокуратурадан эскертүү келип, балдар алгоритмди сактасын, маска кийүү режими болсун, деген талаптар коюлат, деп айтып берди.

Системада кемчиликтер бар. Силер жөнөкөй жарандар кетип каласыңар, ал эми кол коюп, мектептердин ачылышына уруксат берген бизди кийин жоопкерчиликке тартып, отургузуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан эмоцияга таянып чечим кабыл алган туура эмес, деп түшүндүрдү.

"Шаарыбыздын ооркуналарында 400 бош орун бар. Эгер 200 миң окуучу мектепке бара баштаса, коронавирус тез эле жайылып кетет. Ал үчун бардыгыбыз жооптуу болобуз", - деп вице-мэр сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/584