Россия Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга уруксат берди
RU

Россия Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга уруксат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын "Россельхознадзор" ишканасы Кыргызстандан помидор жана калемпир ташууга уруксат берди.

Аталган мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, 5-марттан тарта тогуз мамлекеттен жашылча-жемиштерди ташуу үчүн мурда киргизилген чектөөлөр жоюлду.

Буга чейин Россия Борбор Азия мамлекеттеринен, Азербайжан, Армения, Түркия, Египет жана Беларустан жашылча-жемиштери ташууга чек койгон эле.

Орус тарап соңку жылдары бул өлкөлөрдөн келчү жемиштерди сактоодо фитосанитардык талаптар аткарылбай, мыйзам бузуулар болуп жатканын жүйө келтирип, киргизбей койгон учурлар көп катталган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5850