Кантта бир кочкор $35 миңге сатылды
RU

Кантта бир кочкор $35 миңге сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кантта Тимур Турумбеков арашан породасындагы бир кочкорду $35 миңге сатты.

Мындай баага Бишкектен бир батир сатып алса болот.

Документтерди тариздөө бирикмесинин өкүлү Искендер Абдралиевдин айтымында сатылган кочкордун атасына $50 миң сунушталганын белгиледи.

"Ал кочкордун аты Фокус. Турумбековго $50 миң сунуштаганда болбой койду. Ал $100 миң болсо сатам, деди.

Албетте айрымдар ишенбеши мүмкүн. Ушундай баага да кой сатылабы деп. Бирок мисал келтирсем, Беловодск айылында Шарпей деген кочкорду багып, Казакстанга $120 минге сатышкан.

Айтылган бааларга ишенбегендер көп. Алар айыл-чарбачылык менен алектенбегендер жана малдын асыл тукумдугун айырмалап билбегендер", - дейт Искендер Абдралиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5857