Бишкекте 15 жашар Айдаана Бактыгуловага издөө жарыяланды
RU

Бишкекте 15 жашар Айдаана Бактыгуловага издөө жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15 жаштагы Айдаана Бактыгуловага издөө жарыяланды, деп Коомдук коопсуздук кеңеши билдирди.

Ал кечээ, 7-мартта, болжол менен саат 08:15те Курманжан Датка 146а көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен. Андан кийин кайда барганы азыркыга чейин белгисиз.

Айдаананын үстүндө боз түстөгү пальто, ак түстөгү кофта, капюшону бар толстовка жана кара түстөгү шым болчу.

Бою 165 см, арыкчырай, чачы кыска кыркылган, каре.

Жанында жашыл түстөгү рюкзагы бар болчу.

Анын кайсы жерде экенин билген-көргөндөр болсо: +996 554 75 97 59, +996 755 07 47 20 телефондоруна байланышып коюуну суранабыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5877